Бюджетти колдоо үчүн ачылган атайын эсепке бир жарым млрд сомдон ашык каражат топтолду

31.03.2021, 09:50 Акчабар
Бюджетти колдоо үчүн ачылган атайын эсепке бир жарым млрд сомдон ашык каражат топтолду

Республикалык бюджетти колдоо боюнча ачылган атайын депозиттик эсепке 26-мартка карата 1 млрд 665 млн 353.7 миң сом топтолгон. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана финансы министрлиги маалымдады.

Анын ичинен укук коргоо органдарынан 1 млрд 535.3 млн сом, өз ыктыяры менен юридикалык жактардан — 66.2 млн сом, физикалык жактардан — 63.8 млн сом которулган.

19-январда өкмөт эсептен 722.8 млн сомду республикалык бюджетке бөлгөн. Муну менен катар депозиттик эсепте калган каражаттын көлөмү 942.5 млн сомду түзөт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын ортосунда өкмөт тарабынан республикалык бюджетти колдоо үчүн ататйын депозиттик эсепти ачуу чечими кабыл алынган. Эсептеги каражаттар өкмөттүн максаттуу пайдалануу боюнча кабыл алынган чечимине ылайык жумшалат.

Тэги: атайын эсеп депозиттик эсеп каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть