Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.09.2019, 05:28

    Бюджетти толтурууда келип чыккан маселелердин бири – жеңилдетилген салык же болбосо башка беренелерге ылайык салыктан бошотуу болуп саналат. Бул тууралуу КР 2020-2022 жылдардагы Каржы министрлигинин документиндеги фискальдык саясаттын негизги багыттарында жазылат.

    Салык жеңилдиктерин камсыз кылуу – салык салуунун негизги принциптерин бузуу болуп саналат.

    Каржы министрлигинин салык кирешелеринин башкаруудагы жакшыртуудагы жаралган кыйынчылыктар төмөндөгүчө:

    - Жаратылыш жагдайлардын таасири астында бюджетке бирдей салыктык эмес киреше келип түшкөн каражаттар (болжолдуу эмес), салык төлөөчүлөр мамлекеттин кызматын тандоого укуктуу;

    - салыктык эмес кирешелерди мажбурлап чогултуу тартиптин жоктугунан;

    - мамлекеттик бийлик органдары тарабынан салыктык эмес кирешелерди башкаруунун жоктугу;

    - Салыктык эмес кирешелерди төлөбөгөн учурда жазык жоопкерчилигине тартуунун жоктугу.


    Читать похожее