Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.05.2020, 09:00

Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

[news 24248]

«Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8%га төмөндөгөн. Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү», — деди ал.