Опубликовано
22.05.2023, 04:30CASA-1000 долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусуна 4 миллион доллар инвестициялык каржылоо күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат Аксы, Ала-Бука, Чаткал Тогуз-Торо райондорундагы 39 айылга жумшалат.
"CASA-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" долбоорунун биринчи бөлүгүндө облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы 20 айылдык аймакка 2 миллион 340 миң доллардан ашык инфестициялык грант каралган. Белгиленгендей, анын алкагында бир катар социалдык маселелер чечилүүдө.