Опубликовано
19.04.2022, 05:40Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында заманбап калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилет. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул үчүн райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, мекемеге жергиликтүү бюджеттен 2,5 млн сом каражат жумшалды.
Тейлөө борбору ачылса райондун 31 миңден ашуун калкына ыкчам кызмат көрсөтүлөт.