Чет элдик инвестордон опузалап 250 миң сом алып жаткан тергөөчү кармалды

25.02.2022, 18:04 Акчабар
Чет элдик инвестордон опузалап 250 миң сом алып жаткан тергөөчү кармалды

Түрк жаранынан опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнун тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМК тарарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө аталган кызматтын ага тергөөчүсү кармалган.

“Ал 380 миң доллар өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча ИИМге жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жаранынан 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "Опузалап пара алуу" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Тэги: УКМК коррупция инвестор опузалоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть