Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандады

13.12.2023, 09:25 Акчабар
Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандады

Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгиленгендей, базарлар ижаранын баасын 35 пайызга чейин төмөндөттү. Алардын арасында мал базар, кийим базар, кичи дүң базар, унаа тетиктерин саткан базарлар бар.

Чүй облусунда жалпы 38 базар иштейт, алардын көбү чакан соода менен алектенет.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базар ээлери ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.

Тэги: базар ижара УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть