akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    31.05.2024, 07:30

    Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, каржылоонун жалпы көлөмү 8 млн сомдон ашкан.

    "Оңдоо иштеринин жүрүшүндө гинекология, травматология жана реанимация бөлүмдөрү толугу менен жаңыланды. Ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Электр менен камсыздоо системасы толугу менен алмаштырылды. Жаңы ванна бөлмөлөрү, суу жылыткычтар, раковиналар, кондиционерлер, электр приборлору орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

    Мындан тышкары, бейтаптардын жашоо шартын жакшыртуу, жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында хирургия жана соматика бөлүмдөрүнүн терезелерин толук алмаштырууга 811 миң 536 сом кошумча каражат бөлүнгөн.

    Белгиленгендей, реконструкциялооо Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га өзгөчө чара көрүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 01:17:59
    • 19.08.2024, 05:50:04
    • 12.08.2024, 03:30:43
    • 29.07.2024, 00:40:39