Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.01.2024, 10:30

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.

Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:

  • Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;
  • Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;
  • Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.

"1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее