Казакстанда жүргөн сел 9,5 миллион доллар чыгашага алып келди

11.05.2020, 09:50 Акчабар
Казакстанда жүргөн сел 9,5 миллион доллар чыгашага алып келди

Казакстандын түштүгүндөгү селден Түркстан облусу 9,5 миллион доллар чыгаша тартты. Жергиликтүү бийлик 7639 гектар айдоо талаалары суу алдында калганын, 300гө чукул мал өлгөнүн билдирди.

Миңден ашуун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлдү. Комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилет.

Канча турак жай зыянга учураганы айтылган жок.

Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам Түркстан облусунда 14 калктуу конуштан 32 миңге чукул киши убактылуу көчүрүлгөн.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев плотинанын жырылышы коңшу өлкөгө зыян алып келгени үчүн өкүнгөнүн билдирген. Казакстан президенти 9-майда “Твиттерге” Мактаарал районунда жабырлануучулар жаңы же ремонттологон үй-жай менен камсыз болорун, алардын ар бирине 100 миң теңгеден берилерин айткан.

Тэги: Казакстан сел

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть