
Опубликовано
12.05.2020, 11:00Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн атайын эсебине 12-майга карата 137 млн 288 миң 648 сом топтолгон. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медицина кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөп берүү үчүн жумшалган. Бул тууралуу help.covid.kg сайтында маалымдалат.
[news 23972]
Соцөнүгүү министрлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом которулуп, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом тиешелүү жакка жумшалган. Өз кезегинде мэриянын атайын эсебине 7 млн 96 миң 326 сом келип түшүп, анын ичинен - 2 млн 681 миң 441 сом коротулган.
Эске сала кетсек, коронавирус менен каршы күрөшүү максатында юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу негизде акча которуулары үчүн Каржы министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылган.



