Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.05.2020, 05:45

COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 15-майга карата 79 миң 101 сом топтолгон. Бул тууралуу Help.covid. kg порталында маалымдалат.

[news 24126]

15-майда которулган каражаттын басымдуу бөлүгү Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине - 59 101 сом келип түшкөн. Муну менен катар, бүгүнкү күндө эсепке 137 м лн 798 миң 143 сом бар.

Андан сырткары, 15-майда Соцөнүгүү министрлигинин эсебине 20 миң сом которулган. Бул каражаттар Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысынын эсебинен бөлүнгөн. Эсеп ачылган күндөн тарта которулган каражаттардын суммасы - 17 млн 313 миң 282 сомду түзгөн.

Бишкек мэриясынын эсебине 11-майдан тарта каражат которула элек.