COVID-19: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

17.07.2020, 10:00 Акчабар
COVID-19: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча чаралардын алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жеке коргонуу каражаттары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ташып келүү тилкеси боюнча берилет. Жеке коргонуу каражаттарынын партиясы 46 200 бет коргоочу калканычты, 14 600 коргоочу көз айнекти, 57000 халатты, 150 000 KN95 сериясындагы респиратордук бет капты өзүнө камтыйт. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 508 миң АКШ долларын түзөт.

Бул жеке коргонуу каражаттары бүткүл өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар КР өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы күч-аракеттерди колдоо максатында берилди. КР Саламаттык сактоо министрлиги жеке коргонуу каражаттарын өлкөдөгү жыйырмадан ашык ооруканага бөлүштүрүүнү пландаштырууда.

«Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо системасын, өзгөчө алдыңкы катарда эмгектенген медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттарын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырат», - деп белгиледи өз сөзүндө саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча ДССУнун борборунун координатору жана ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Тасним Ататра.

Ал «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР өкмөтүнүн ортосунда бекем мамилелер түзүлдү, ДСУ техникалык колдоо көрсөтүүнү жана сунуштарды берүүнү улантат», - деп сөзүн жыйынтыктады.

«Пандемиянын алгачкы күнүнөн тартып Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму КР Саламаттык сактоо системасына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Башыбыздан өткөрүп жаткан оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү тапшырылып жаткан жеке коргонуу каражаттары калкыбыздын саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерибиздин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет»,- деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү жана оң натыйжаларды лабораториялык тастыктоо максатында Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын жана ПЧР-тестирлөө үчүн топтомдорду тапшырды. Мындан тышкары, ДССУ үлгүлөрдү алуу жана тестирлөө үчүн лабораториялык чыгымдоочу материалдардын запастарын (пробиркалар, мазок алуу үчүн тампондор, наборлор, реагенттер ж.б.) тапшырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн, анын ичинде лабораториялардын, баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын, ооруканалардын кызматкерлери, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо жаатындагы адистер үчүн COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча онлайн-окутуулардын циклдерин өткөрүү аркылуу Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүүдө.

Маалымат үчүн:

Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.

БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

Тэги: ДССУ COVID-19 Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть