COVID-19 менен күрөшүү үчүн сырттан алынган каражаттар кайда кетти?

02.07.2020, 13:30 Акчабар
COVID-19 менен күрөшүү үчүн сырттан алынган каражаттар кайда кетти?

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева бюджетти колдоо, коронавирус менен күрөшүү үчүн сырттан алынган жана алына турган каражаттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан үч багыт боюнча – бюджетти колдоо, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо үчүн донорлорго жардам сурап кайрылган.

Ал белгилегендей бюджетти колдоо багыты боюнча грант жана насыя түрүндө 408,1 млн доллар − анын ичинде 41 млн доллар грант түрүндө, 366 млн доллар насыя түрүндө алынууда. Учурда ал сумманын 291,9 млн доллары келип түшкөн: Эл аралык валюта фондунан − 241,9 млн доллар жана Азия өнүктүрүү банкынан − 50 млн доллар.

«Эл аралык валюта фондунан 120,8 млн доллар өлчөмүндөгү биринчи транш 31-мартта, экинчи транш 10-майда келип түшкөн. Насыя шарттары тууралуу айтсам, 80,6 млн доллары «Ыкчам берүү механизми” боюнча берилген. Анын мөөнөтү 10 жылга эсептелген, 5,5 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар – ал 0%ды түзөт. Калган 161 миң доллар “Ыкчам каржылоо куралы” деген фонддон 5 жылга 3 жылдык жеңлдетилген мөөнөт (1%) менен берилген. Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар 10-июнда келип түшкөн. Анын 25 млн доллары грант болсо, 25 млн доллар насыя болуп саналат. Насыянын шарттары: мөөнөтү 24 жыл, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар. Жеңилдетилген мөөнөттөгү насыянын үстөгү 1%ды түзөт. Жыл аягына чейин бюджетти колдоого 116,2 млн долларын тартып келүү пландалууда. Маселен, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар өлчөмүндө насыя алуу каралууда. Анын мөөөтү 20 жылга эсептелип, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар – үстөгү 1%. Ошондой эле Европа биримдигинен 16,2 млн доллар өлчөмүндө грант алуу пландалууда. Ал каражаттарды сентябрь айына чейин алабыз деп пландап жатабыз», - деди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, өкмөт коронавирус менен күрөшүү үчүн 56,2 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду тартып келүүдө.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банктан 9 млн доллар алынган. Анын ичинен 4,8 млн долларга медициналык жабдыктар алынса, калган 4,2 млн доллар боюнча медициналык жабдуулардын келиши жана тендер өткөрүү күтүлүүдө.

«Дүйнөлүк банктын 9 млн долларынын жарымы грант, жарымы насыя катары алынган. Насыянын шарттары: мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган, үстөгү − 0,75%. Андан тышкары COVID-19 боюнча чукул долбоор катарында 12,1 млн долларлык маклдашууга Дүйнөлүк банк тарабынан кол коюлду жана ратификацияланды. Учурда ал каражаттар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендердик иштер жүргүзүлүүдө. Ал каражаттын 50%ы грант, 50%ы насыя болуп саналат. Насыянын мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган, үстөгү − 0,75%. Учурда өкмөт 20 млн доллары боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашууну жана 15 млн доллар боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүп бүттү. Бул макулдашуулардын алкагында жакынкы убакта медициналык жабдыктар жана дары-дармектер сатып алынат. Азия өнүктүрүү банкы 20 млн долларынын 10 миллону грант, 10 миллиону насыя болуп эсептелет. Насыянын мөөнөтү 40 жыл, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген убакыт каралган, үстөгү − 1%. Ислам өнүктүрүү банкынын 15 млн доллары толугу менен насыя болуп саналат. Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил каралган, үстөгү – 1,5%га чейин. Бул долбоорлордун максаты саламаттык сактоо тармагын колдоо, транспорт, медициналык жабдык, жеке коргонуу каражаттары, чыгымдык материалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле бейтапканалардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат», - деди ал.

Тэги: Өкмөт үйү каржы министри Бактыгүл Жеенбаева бюджет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть