COVID-19 менен ооруган медиктердин 7.7% компенсация алышты

20.10.2020, 15:30 Акчабар
COVID-19 менен ооруган медиктердин 7.7% компенсация алышты

Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1901 документ келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилди: 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 млн сомдон акча каражаты оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилиши каралды. Алардын ичинен, ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер», - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

Тэги: медиктер компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть