COVID-19 улам Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы 2,4 эсеге азайган

28.01.2021, 09:25 Акчабар
COVID-19 улам Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы 2,4 эсеге азайган

Каатчылык учурдагы 2020-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» 1 миллион 517 миң 936 жүргүнчүнү тейледи, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 58,8%га аз.

COVID-19 пандемиясы учурунда, чек аралардын жабык болгондугуна байланыштуу, эл аралык авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрүн ташуу өзгөчө оор болуп, 64,4%га азайып, 882 403 адамга жеткен. Ата мекендик каттамдарда 635 533 жүргүнчү тейленип, 2019-жылга салыштырмалуу 47,3% га төмөндөгөн.

Бир жылдын ичинде учуу жана конуу операцияларынын саны 47,8% га азайып, 16 миң 90го жетти.

Анын ичинен 10 миң 701 учуу эл аралык каттамдарда, 5 миң 389 учуу ички каттамдарда тейленген.

Мындан тышкары, 2020-жылы «МЭА» ААК иштеткен жүктүн көлөмү 15 388,7 тоннаны түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 10 060,6 тоннага аз болгон. Анын ичинен эл аралык - 15 329,4 тонна, ал эми ички - 59,22.

- «Манас» эл аралык аэропорту 10 746 каттам тейледи: ички багыттар боюнча - 2 725, эл аралык учуулар - 8 221.

Жүргүнчүлөрдү ташуу 874 миң 655 адамды түздү. Анын ичинен 319 миң 220 жүргүнчүгө ички авиакомпанияларда, 555 миң 435 жүргүнчүгө эл аралык каттамдарда тейлөө көрсөтүлдү. 15 152,2 тонна жүк ташылды, алардын ичинен - эл аралык - 15 121,89 тонна, ички - 30,33 тонна.

- «МЭА» ААКнын Ош филиалы 5 миң 306 каттам тейледи: ички каттамдар - 2 миң 652, эл аралык каттамдар - 2 миң 654. Анын ичинен 316 миң 313 жүргүнчүгө ички каттамдарда, 326 миң 144 жүргүнчүгө эл аралык каттамдарда кызмат көрсөтүлдү. 236,43 тонна жүк ташылды: эл аралык багыттар боюнча - 207.54, ички каттамдар боюнча - 28.89.

- «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 38 каттам тейледи: ички - 12, эл аралык - 26. Жүргүнчүлөрдү ташуу 824 адамды түздү (эл аралык).

Көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, COVID-19дан улам, гуманитардык жүктөрдү ташуу жана жарандарды эвакуациялоочу каттамдардан тышкары жүргүнчү ташуучу ички жана эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар март айынан бери толугу менен токтоп калган.

Учууларды жарым-жартылай калыбына келтирүү 2020-жылдын жай айларында башталган.

Июнь айында Бишкек-Ош-Бишкек ички каттамдары жанданды. Август айында Бишкектен Түркияга жана БАЭге аба каттамдары ачыла баштаган.

Күзүндө Россия, Казакстан жана Өзбекстанга аба каттамдары жандана баштаган.

Бүгүнкү күндө «МЭА» ААК Москва, Дубай, Стамбул, Алматы, Ташкент шаарларына үзгүлтүксүз каттамдарды, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Исфана шаарларына ички каттамдарды тейлөөдө. Мындан тышкары, Россиянын, Индиянын жана Тажикстандын шаарларына чартердик каттамдар жүргүзүлүүдө.

Тэги: Манас аэропорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть