COVID-19 катталган күндөн тарта Кыргызстанга 120,8 млн $ каражат келген

29.04.2020, 13:10 Акчабар
COVID-19 катталган күндөн тарта Кыргызстанга 120,8 млн $ каражат келген

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Эл аралык валюталар фондунан 120,8 млн доллар каражат келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар финансы министрлигинин эсебине которулуп, учурда бюджет чыгашаларын жабууга жумшалууда.

Андан сырткары, саламаттык сактоо министрлигине 700 миң долларга жакын медициналык коргонуучу каражаттар келип түшкөн.

«Дүйнөлүк банк дагы саламаттык сактоо министрлигине 9 млн доллар бөлүү боюнча чечимди кабыл алган. Жакында эле Дүйнөлүк банктын талабына ылайык, тендер аяктаган. Эгерде тендердин жыйынтыгы бекитилсе, бул каражаттарды жеткирүү башталат», - деп билдирди ал.

Вице-премьер билдиргендей, келген каражаттардын жарымы грант түрүндө, жарымы жеңилдетилген насыя катары берилүүдө.

«Мисалы, эл аралык валюталар фондунан которулган каражаттардын жарым бөлүгү пайызсыз насыя катары берилген. Бул каражаттардын бардыгы тышкы карыздарга кирет жана графикке ылайык төлөнүп турат», - деп кошумчалады ал.

Тэги: COVID-19 Кыргызстан каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть