Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.05.2020, 07:00

Ош шаарында талаптарды аткарбаган 13 ишкердик объектке айыппул салынып, 51 ишкана жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

[news 24052]

Анын айтымында, Ош шаарында 11-майга карата 7 мобилдик топ тарабынан 691 объект текшерилди.

«Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 13 ишкердик объектке айыппул салынды. Ошондой эле талаптарды сактабаган 51 ишкана жабылды», - дейт Сарыбашов.