Covid-19: кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

15.06.2020, 11:30 Акчабар
Covid-19: кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 15-июнга карата өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 87 учур катталды, 23 жарандын илдетти жуктурган шарттары белгисиз.

«Жарандар санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатат. Жөнөкөй мисал, беткапты тагынбай, аралыкты сактабай жатканын көрүүгө болот. Коомдук транспорттор жүргүнчүлөрдү толтуруп алууда. Ал эми коронавирусту жаңы жуктургандар коомдук транспорт, эл чогулган жерде жана базарларда болгонун айтышууда», - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, көчөлөрдө көп сандагы улгайган адамдарды көрүүгө болот. Улгайган адамдарга оору тез арада жугуп, оор абалга алып келүүсүн түшүнүү керек.

«Өлкөдөгү кийинки абал жарандардын мамилесине жараша болот. Андыктан, биз талаптарды аткарууга чакырат элек, болбосо эртең дагы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Биз мындай кылууга аргасыз болобуз», - деп белгилеп өттү Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2372 учур катталды. Алардын ичинен 460ы медицина кызматкери. Илдеттен 1813 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Тэги: Covid-19: чектөө коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть