Дарыгерлерге кошумча акы төлөнгөн жок деген маалымат боюнча түшүндүрмө берилди

31.07.2020, 10:20 Акчабар
Дарыгерлерге кошумча акы төлөнгөн жок деген маалымат боюнча түшүндүрмө берилди

Дарыгерлерге кошумча акы төлөнгөн жок деген маалымат менен кайрылган Арашан ЖДПБсынын үй-бүлөлүк дарыгери И.Казиеванын кайрылуусу боюнча Республикалык штаб маалымат таратты.

[news 26484]

Анда, «Компенсациялык төлөмдөр КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган № 194 Токтомуна ылайык, очоктордо иштеген гана кызматкерлерге төлөнөт», - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Арашан ЖДПБсынын очоктордо иштеген кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү төлөө, мекеменин берген заявкасына ылайык жүргүзүлөт. 2020-жылдын май айынан бери Арашан ЖДПБсына берилген жалпы төлөмдөрдүн суммасы – 2500,8 миң сомду түзгөн.

Арашан ЖДПБсынын берген маалыматына ылайык, Таш-Дөбө айылындагы ҮДТнын кызматкерлери Калчаев Ф. жана Турумбекова А. гана 2020-жылдын апрель айынан июнь айына чейин COVID-19 вирусунун очокторуна чыгуу үчүн мобилдик бригаданын ишине тартылышкан. Аталган кызматкерлерге очоктордо (мобилдик бригадада) иштегендиги үчүн төмөнкү компенсациялык төлөмдөр берилген.

Жалпы төлөнгөн каражаттын суммасы:
Калчаев Ф.Г. – 44 760 сом;
Турумбекова А.К. – 55 900сом;
Казиева И.А. – 3120 сом (июль айына).

Таш-Дөбө айылындагы ҮДТда күндүзгү стационар 2020-жылдын 1 – июлунда ачылган. Ал убакта үй-бүлөлүк дарыгер Казиева И.А. эмгек өргүүсүндө болгон.

Бирок, медперсонал жетишпегендигине байланыштуу Казиева И.А. 2020-жылдын 10-июлундагы №54-11 буйругунун негизинде эмгек өргүүсүнөн чакырылган. Эки күн иштегенден кийин, Казиева И.А. сыркоолук баракчасы менен кетип, учурда дагы ооруп жатканы белгилүү. Эки күн иштегени үчүн дарыгерге 3120 сом акы төлөнгөн.
Эпидемия башталгандан бери, Таш-Дөбө айылындагы ҮДТнын кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер жана дезинфекциялык каражаттар менен толук камсыздалган.

Тэги: дарыгер кошумча акы Арашан ЖДПБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть