Дем алыш күндөрү доллардын сомго карата наркы 2.94% төмөндөдү

21.12.2020, 09:20 Акчабар
Дем алыш күндөрү доллардын сомго карата наркы 2.94% төмөндөдү

16-октябрдан бери алгачкы жолу доллар акча алмаштыруучу жайларда 80 сомдон төмөн баада сатылууда. Бирок, насыя-каржы уюмдарынын бардыгы эле мындай төмөн баада сатышкан жок. Азырынча «Кыргызкоммерцбанк» жана «Оптима Банк» банктарында доллар 80 сомдон төмөн баада сатылууда.

Калган коммерциялык банктар жана Москва-Совет көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлар чет элдик валютаны 80.1 - 80.8 сом менен сатышууда. Эске сала кетсек, доллардын наркы 15-декабрдан тарта төмөндөй баштаган.

Эксперттер валюта рыногундагы бул өзгөрүүнү төлөм баланстарынын кайра калыбына келиши менен жана өлкөгө каражаттын массалык түрдө келип жатышы менен байланыштырышууда. Муну менен катар эксперт Денис Бердаков өзүнүн жакында эле берген маегинде, доллардын курсунун төмөндөөсү узакка созулбарын жазында доллар кайрадан көтөрүлөрүн билдирген.Буга байланыштуу эксперт капиталды доллар менен сактабоо сунушун берет.

Кошумчалай кетсек, сомго карата төмөндөө болгонуна карабастан, кыргызстандыктар каражатты 16.09% көп сактай башташкан.

Тэги: доллар сом нарк курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть