Опубликовано
09.11.2023, 07:30Чуй облусуна 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 79,6 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган каражатка облустун аймагында 51 долбоор каржыланды. Алар:
- 25 мектепке – 39,3 млн сом;
- 1 саламаттык сактоо мекемеге – 2,4 млн сом
- 8 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 13,1 млн сом;
- 2 спорттук курулуштарга - 2,4 млн сом;
- 10 маданий маанидеги объектилерге – 17,7 млн сом;
- 5 бала бакчага – 4,7 млн сом.