Депутат: Энергосекторду артка тартып турган эки чоң «кара таш» бар

31.10.2019, 11:28 Акчабар
Депутат: Энергосекторду артка тартып турган эки чоң «кара таш» бар

Кыргызстандын энергесекторун ылдыйга тартып эки чоң “кара таш” бар деп бидирди, 30-октябрда парламенттин отурумунда депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, энергосекторду артка тартып турган бул - ЖЭБ Бишкек жана ЖЭБ Ош. Эки ЖЭБди кышкы мезгилге даярдоого эле 500 млн сом кетет. «Электр энергияны эң көп колдонгон – ЖЭБ Бишкек, чыгарылган продукциянын баасы – 3,6 сомду түзөт. Ал эми Оштогу өздүк баасы андан дагы кымбат. Бул маселени чечүүнүн кандай жолу бар?» - деп сурады Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаровдон.

А.Назаровдун айтымында, эки ЖЭБ Кыргызстандын энергосекторуна кошумча жүк болуп жатат. Алардын бир жылдык чыгашасы – 4 млрд сомдон ашууда. «Эгерде эки ЖЭБДи алганда, энергетика тармагы тарифти өйдө көтөрбөйт жана карыз дагы болбойт болчу. Андан сырткары, электр энергияны ар бир абонентке жеткиликтүү кылууга күчүбуз жетмек. Эки объект (ЖЭБ Бишкек жана ЖЭБ Ош) бизди артка тартып жатат, сиз туура айтып жатасыз», - деп жооп берди А.Назаров.

Тэги: Депутат энергосектор ЖЭБ Бишкек ЖЭБ Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть