Депутат: «2019-жылы 2,5 миллиард сомдук каржылык  мыйзам бузуулар аныкталды»

18.06.2020, 09:30 Акчабар
Депутат: «2019-жылы 2,5 миллиард сомдук каржылык  мыйзам бузуулар аныкталды»

Жогорку Кеңештин 17-июнундагы жыйынында депутаттар Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө аталган палатанын төрагасынын отчетун угушту.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баяндама жасап, өткөн жылдагы аудитордук ишмердүүлүктүн негизги жыйынтыктары, мамлекеттик аудитти жакшыртуу боюнча чаралар, коррупцияга каршы саясат тууралуу айтып берди. Алсак, өткөн жылы Эсеп палатасы тарабынан 141 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

«2019-жылы 2 млрд. 523 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуулар, анын 1 млрд. 80 млн. сому кайтарылууга тийиш, 415 млн сому (40%) кайтарылды. Бюджеттин резерви жана жоготуусу – 27 млрд. 715 млн. сом, анын 1 млрд. 45 млн. сому кайтарылууга тийиш, 661 млн.сому (63%) кайтарылды; натыйжасыз пайдаланылган каражаттар 2 млрд. сом, анын 999 млн. сому кайтарылууга тийиш, 863 сому (90%) кайтарылды; коомдук жана башка уюмдардан ашкереленген каржылык мыйзам бузуулар – 544 млн. сом, алар 100 пайыз кайтарылды», – деп билдирди Улукбек Марипов.

Эсеп палатасынын төрагасы мыйзам бузуулардын арасында эмгек акыга негизсиз төлөөлөр, курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз керектен чыгаруу ж.б. мыйзам бузуулар көп кездешээрин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Тэги: Жогорку Кеңеш Депутат эсеп палатасы палата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть