Депутат Алиярбек Абжалиевге тийиштүү делген сансыз мүлктөрдүн тизмеси жарыяланды

02.03.2021, 09:50 Акчабар
Депутат Алиярбек Абжалиевге тийиштүү делген сансыз мүлктөрдүн тизмеси жарыяланды

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганны өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирген.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыгандыгы аныкталган.

«Абжалиев ЖК депутаты болуп турганда экс-президент менен туугандык байланышты колдонуп мамлекеттик органдардын ишине активдүү катышкан. Ал жеке тараптардын кызыкчылыгын коргоп, мамлекетке зыян келтирген. Ошондой эле Абжалиев мамлекеттик кызматта иштеп жатып 20дан ашык элиталык батир, турак үйлөр, Бишкектеги VIP-шаарча, Ысык-Көлдөгү пансионат, Чүй менен Ысык-Көл облустарында жер тилкелери, Түркия жана БАЭде кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алиярбек Абжалиев тарабынан Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн курулушуна деп курулуш компаниялардын бирине, коммерциялык объектилердин (Кайыңды кабелдик заводу) курулушуна, ошондой эле таш көмүр жана алтын кендерине инвестиция жасалган. Учурда тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп билдирди атайын кызмат.

Абжалиевге тийиштүү делген мүлктөр. Сүрөт УКМКнын атайын кызматы тарабынан тартылган.

Эске сала кетсек, «Акчабардын» «Нарындагы Кумбел кенине көз арткан компаниялар» тууралуу журналисттик иликтөөсүндө дагы Абжалиевдин аты аталган. Анда Кумбелде учурда алтын казуу менен алектенген «АТ Минералз» компаниясы 2018-жылдары Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык болгон. Андан сырткары, депутаттын мурунку жубайына таандык ондогон тоо-кен компаниялары бар экендиги айтылган.

Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев бул иликтөөнү «Эске алалык» деген билдирүү менен Фейсбук баракчасына бөлүшкөн.

Кошумчалай кетсек, Алиярбек Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Тэги: Алиярбек Абжалиев Кумбел Нарын Темирлан Токобеков мыйзамсыз баюу УКМК тергөө Алтын кен инвестиция тоо кен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть