Депутат: «Биздеги алтын аралашмалар Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек»

24.02.2020, 15:00 Акчабар
Депутат: «Биздеги алтын аралашмалар Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек»

Алтын камтылган аралашманы четке чыгарып жаткан «Vertex Gold Company» компаниясы 2016-жылы 79 млн сом, 2017-жылы 149 млн сом, 2018-жылы 107 млн сом, 2019-жылы 284 млн сом салык төлөгөн, салыктын өсүшүн негизинен роялти түзөт. Бул тууралуу Салык кызматынын төрага орун басары Айдай Карагулова Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек экенин баса белгиледи. «Өкмөт, ага караштуу органдар ушул багытта аракет жасашы зарыл. Алтын аралашмаларын чет өлкөлөргө чыгарып жаткан компаниялардын салыктык төлөмдөрү жаатындагы материалдардын баарын топтоп, талдоолорду жүргүзүп туруу керек», - деп кошумчалады ал.

Тэги: Депутат Эл өкүлү алтын аралашма Руслан Казакбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть