Чойбеков: ЖОЖдордун абитуриенттерди кабыл алуу убактысын сентябрдын ортосуна чейин узартуу керек

14.05.2020, 11:00 Акчабар
Чойбеков: ЖОЖдордун абитуриенттерди кабыл алуу убактысын сентябрдын ортосуна чейин узартуу керек

Жогорку окуу жайлардын абитуриенттерди кабыл алуу убактысын 15-20-сентябрга чейин узартуу керек. Бул тууралуу депутат Руслан Чойбеков бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

«Окуу жайга тапшыруу быйыл 20-июндан башталат. Ал эми ЖОЖдор абитуриенттерди, Өкмөттүн 2011-жылдын 21-майында бекитилген 256-токтомуна ылайык, 25-августка чейин кабыл алышат. Бул убакытты сентярдын 15-20-чейин узартуу керек. Себеби, абитуриенттер бул убакытта окууга тапшырып жетишпей калышат. Андан сырткары, ЖОЖдордун пландары толбой, жабылууга туура келет дагы интеллигенция арасында жумушсуздук пайда болот. Ошол себептен, бул токтомдун ичине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек», — деп айтты эл өкүлү.

Эске сала кетсек, быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрдө өтөрүмаалым болгон.

Тэги: Депутат Чойбеков ЖОЖ абитуриенттер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть