Депутат: Ипотеканы доллар менен алгандардын күнү эмне болот?

17.03.2020, 16:20 Акчабар
Депутат: Ипотеканы доллар менен алгандардын күнү эмне болот?

Бир күндүн ичинде доллардын куну 3 сомго кескин өстү, чек аралар жабылып турат, каржы каатчылыгы башбага баштады. Көптөгөн жарандар менен ишкерлер илгери үмүт менен насыя алышкан, эми алардын андан аркы абалы кандай болот? Депутат Исхак Пирматов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда өкмөт мүчөлөрүнө ушундай собол узатты.

«Бюджеттик мекемелерде иштеген көп адамдар ипотекага доллар менен насыя алышкан, алардын акыбалы эмне болот? 2016-жылы Өкмөт ипотеканы сом көрсөткүчүндө берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, доллар кунунун өсүшүнө жараша бюджетте иштегендердин эмгек акысы да ошол деңгээлде өсүп турмак, азыр андай болгон жок. Коммерциялык банктарга алыңар келеби?», -

Экономика министри Санжар Мукамбетов министрлик коммерциялык банктарга түз таасир тийгизе албай турганын, алардын ишин Улуттук банк жөнгө саларын, ал оңтойсуз абалда калган ищкерлерге жардамдашуу боюнча сунуштамаларын бергенин билдирди.

Депутат Улуттук банктын сунуштамалары аткарылбай жатканын, мындан ары деле аткарылбай турганын белгиледи. «Ким эле өз кызыкчылыгына каршы иштегиси келсин. Андан көрө, айткылачы, өткөн жылы канча көлөмдөгү баалуу кагаздар сатылды?», - деп кошумчалады Исхак Пирматов.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 2019-жылы 14,9 млрд сомдук баалуу кагаз сатылганын, ал каражат республикалык бюджетте камтылганын билдирди.

Тэги: Депутат ипотека доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть