Депутат: «Мындай учурда коммерциялык банктар сүткордук кылбай, ишкерлерге жардам берсин»

18.03.2020, 10:30 Акчабар
Депутат: «Мындай учурда коммерциялык банктар сүткордук кылбай, ишкерлерге жардам берсин»

Өлкө аймагындагы тейлөө кызматтарын көрсөткөн ишкерлердин баары кандайдыр бир деңгээлде чыгымга учурап жатышат. Албетте, коммерциялык банктар анча-мынча чыгамга учурайт, бирок мындай учурда сүткордук кылбай, насыядан кыйналган ишкерлерге жардам бериши зарыл. Улуттук банк маселени катуу коюшу керек. Ансыз тунгуюктан чыгуу кыйын. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитете Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Улуттук бактын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк оңтойсуз абалда калган ищкерлерге жардамдашуу боюнча сунуштамаларын бергенин билдирди. «Биз коммерциялык банктарга буйрук бере албайбыз, алар дагы ишкерлер болуп саналат. Ошого карабастан, кайрылган ишкерлердин маселесин колдон келишинче чечип берүү чаралары көрүлөт. Бул багыттагы алгачкы кадамыбыз улуттук валютанын жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу аракети болду», - деди ал.

Депутат Айнура Осмонова Өкмөт чет өлкөдөн буудай сатып алууга 250 млн сом бөлүүгө ниеттенип жатканы жөнүндө маалымат бар экенин эске салып, ал каражаттын бөлүнгөн-бөлүнбөгөнүнө, ал эми өсүмдүк майын сатып алууга ошондой каражат бөлүнөр-бөлүнбөсүнө кызыкты.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Материалдык резервдер фондунун тизмеси такталар замат зарыл болгон азык-түлүктөр сатып алына баштарын белгиледи. «Азырынча азык-түлүктүн 40 түрү сатып алынат деп турабыз. Бул тизмеде өзгөрүшү мүмкүн, тизмеде өсүмдүк майы да бар.», - деп кошумчалады ал.

Тэги: Депутат коммерциялык банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть