Депутат: Коммерциялык банктар тарабынан берилген мамлекеттик ипотеканын пайызын токтотуу керек

30.04.2020, 16:20 Акчабар
Депутат: Коммерциялык банктар тарабынан берилген мамлекеттик ипотеканын пайызын токтотуу керек

Кырдаалга байланыштуу учурда аралыктан иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы кыскарат. Бул тууралуу 30-апрелдеги парламенттин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, депутат Руслан Чойбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Аралыктан иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын кыскартуу менен, бюджетке канча сом экономдолду?», - деп сурады депутат финансы министрлигинен.

Бул суроого финансы министрлигинин өкүлү, жалпысынан канча акча кыскарылгандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок деп жооп берди.

Өкмөт башчы аралыктан иштеген кызматкерлердин транспорт акысы сыяктуу төлөмдөрдүн гана алынып салынгандыгын, эмгек тажрыйба, тоолу район ж.б. төлөмдөр алынбай, эч кимдин укугун бузбаган схема менен төлөнүп берилерин билдирди.

«Бул маселени көтөрүп жатканымдын себеби, мамлекеттик кызматта иштегендер 12ден ашуун коммерциялык банктардан ипотекалык насыя алышкан. Бул ипотекалык насыя катары берилген акчалар бюджеттин акчасыбы? Эгер бюджеттин акчасы болсо, анда мамлекет жарандарга бир тарабынан жардам берип, кайра бир тарабынан ошол берген жардамды алып коюп атат. Коммерциялык банктардын пайызын токтотуу керек. Себеби, бул бюджеттин акчасы. Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1% менен берсе, МИК 3-4% менен коммерциялык банктарга берген, кайра банктар мамкызматкерлерге 7-8% менен берип жатышат. Бул схеманы өкмөт сиздер токтотуп койсоңуздар болот да. Учурда 4600 дөй мамипотека алган жарандардын айлыгы бир жагынан кыскарып, кыйналып жатышат», - деди депутат.

Депутаттын сунушуна өкмөт башчы бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилгендигин, учурда тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгын билдирди.

Тэги: Депутат коммерциялык банктар пайыз ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть