Насыянын үстөк пайызын төмөндөтүү сунушталды

14.11.2023, 12:56 Акчабар
Насыянын үстөк пайызын төмөндөтүү сунушталды

Марлен Маматалиев өлкөдөгү коммерциялык банктарда пайыздык үстөктөрдү чектөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анын айтымында, өлкөдө ар бир экинчи адамдын насыясы же микрокредити бар. Азыр орточо пайыздар 25-30%. Акыркы бир нече жылдан бери жарандар банктардагы жана микрофинансылык уюмдардагы үстөк пайыздардын жогорулугуна даттана баштаган учурлар көбөйдү.

"Сүткорлук байлыктын бирдей эмес концентрацияланышына өбөлгө түзөт, анткени насыя бере алгандар үстөк пайыз аркылуу кошумча киреше алып, ошону менен өздөрүнүн кирешесин көбөйтөт. Жакырлар ого бетер жакырланып, байлар ого бетер байып баратат”, - дейт ал.

Депутат азыркы пайыздык үстөктөр көп учурда жарандарга оор келерин айтып, экономикалык жактан негизсиз деп эсептейт. Маматалиев насыялык каражаттар боюнча минималдуу пайыздык чен Улуттук банктын базалык эсептик ченине байланып, (ред. эсептик чен учурда 13%) кредиттөө багыттарына жараша берилерин белгилейт.

Тэги: аз пайыздагы насыя үстөк пайыз акча-кредит саясат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть