Депутат: «Насыя каражаттарга курулуп жаткан жолдор өзүн-өзү актагыдай болушу керек»

16.12.2019, 14:13 Акчабар
Депутат: «Насыя каражаттарга курулуп жаткан жолдор өзүн-өзү актагыдай болушу керек»

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов жол куруу жана калыбына келтирүү үчүн алынган насыялардын жана чет өлкөлүк жардамдардын натыйжалуулугу жөнүндө маалымат угулуп жатканда, депутат Азамат Арапбаев Кыргызстандан эгемендик алгандан бери жол тармагына баш-аягы 2 млрд 600 млн доллардан ашуун каражат тартылганын эске салды. «Эгерде энергетика тармагындагы долбоорлордо жумшалган каражаттан алынган кирешелердин эсебинен кутулуу механизмдери аралса, жол тармагына жумшалган каражат толугу менен бюджеттин эсебинен төлөнөт. Ошондуктан, аны жол пайдалануучулардын эсебинен жабуу жолдору каралышы керек», - деди ал.

Депутат жол акысы көптөгөн өлкөлөрдө каралганын, мисалы Кытайда акысыз жол пайдалануу мүмкүн эмес экенин, жол акысы категориясына жана автомашиналардын салмагына жараша белгилене турганын кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов насыяга алынган жалпы каражаттын 42 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын насыясы, 30 пайызын Азия өнүктүрүү банкынын, калган бөлүгүн дагы башка каржы уюмдарынын насыясы түзөрүн билдирди. «Келерки жылдын республикалык бюджетинде тышкы карыздарды тейлөөгө 200 млн доллар каралды. Ал эми тышкы карыздарды төлөөнүн эң жогорку чеги 2025-2026-жылдарга туура келет, ал 400 млн доллардын тегерегинде болот», - деди ал.

Тэги: Депутат Азамат Арапбаев насыя автожол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть