Опубликовано
12.05.2020, 06:20«2020-жылы коррупция, контрабанданы толук, түп-тамыры менен чечебиз деп ойлогонбуз», — деп айтты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-майда ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун суроолоруна жооп берип жатып.
[news 23733]
Жыйында эл өкүлү Алтынбек Сулайманов өкмөттүн 3 жыл ичинде жасаган ишинде реалдуу реформанын жоктугун баса белгилеп, сынга алды.
Абылгазиев: - Контрабанда, контрафакт маселесин чечсек, ошондо бюджетке 30-50 млрд сом түшөт. Андан айлык, пенсия ж.б. мамлекеттик төлөмдөр төлөнүп, жолдор, социалдык объектилер салынмак.
Сулайманов: - 2020-жылы эмне болду? Коронавирус тоскоолдук кылдыбы, Кудай жалгап?
Абылгазиев: - Кудай жалгап эмес. Азыр тескерисинче бизнес ойгонду. Азыр эми бизнес башка нукка кетет. Биз элге арзан, узак мөөнөттү насыя берсек, баары башкача болот.
Сулайманов: - Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, өкмөткө тиешелүү 3 банк (РСК, Айыл Банк, Керемет банк) эмне үчүн калкка 17-20% менен насыя берип жатат? Өкмөттүн берген акчасы элге эч кандай жардам болгон жок. Эмне себептен коммерциялык банк менен бирдей пайызда насыяны берип жатасыздар? Кайра бизнести отургузуп атат.
Абылгазиев: - Каражат жетпей атат.
Сулайманов: - Бар каражатты 22% менен берип жатпайсыздарбы. Башка мамлекеттер элине 5% керек болсо, 0% менен насыя берип жатышат. А сиздер керек болсо, коммерциялык банктар кандай айтса, ошондой кылып, насыя каникулун бербей койдуңуздар.
Депутаттын бул сынын жана сунушун өкмөт башчы эске аларын билдирди.