Кирешесин жашырган мамкызматкерлерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору ЖК колдоо тапкан жок

07.06.2020, 13:00 Акчабар
Кирешесин жашырган мамкызматкерлерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору ЖК колдоо тапкан жок

Эл өкүлү Исхак Пирматов демилгелеп келген декларацияда мүлкүн, кирешесин жашырган мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Бул мыйзам долбоору мындан бир жыл мурун иштелип чыгып, Укук тартиби жана Коррупцияга каршы аракеттенүү комитети тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоорунун өзөгүндө, өзүнүн кирешесин жашырган мамлекеттик кызматкер чоң өлчөмдө айып пул төлөөсү керектиги жазылгандыгын, буга чейин эл өкүлү «Акчабарга»айтып берген.

Депутаттын пикиринде жана жүргүзгөн анализинде буга чейин мүлкүн жашырып келген мамлекеттик кызматкерге болгону сөгүш гана жарыяланып келген. Ал эми жумуштан алуу фактысы дээрлик жокко эсе.

Жыйында өкмөттүн өкүлү Мойдинов Исламбек бул мыйзам долбоорун, максатка ылайыксыз деген корутунду менен түшүндүргөн.

Мыйзам долбоорунун колдоого ээ болбой калгандыгы тууралуу депутат төмөндөгүчө пикирин билдирди:

«Жогорку Кеңеште регламент дайыма туура эмес коюлуп келет. Мен муну дайыма айтып келем. Негизи, мыйзам долбоору окулгандан кийин, дароо добуш берүүгө өтүүсү керек. Бирок, кээ бир учурларда добуш берүү кийинки жыйынга коюлуп калат. Ошол себептен көпчүлүк депутаттар эмнеге добуш бергенин дагы билбей калышат. Бул мыйзам болбоору өткөн жылы өкмөттүн кароосуна киргизилген. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков болчу. Разаков жанан анын командасы, өкмөттөгү адистер 50 баракка жакын мыйзам долбоорун окуп чыкканына мен кепилдик бере албайм. Корутунду дагы курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга шектелип кармалган, өкмөттүн мурдагы өкүлү Егорь Скобеевдин тушунда дагы чыккандыгы абдан кейиштүү. Мындан улам, өкмөттүн коррупция менен күрөшөбүз деген кадамына ишенүү кыйын. Дагы бир жолу, бул өкмөттүн адистеринин шалаакылыгынан улам келип чыккан кортутунду деп айта алам», - деп билдирди Пирматов.

(Егорь Скобеев, өкмөттүн мурдагы өкүлү)

Эске сала кетсек, аты айтылып калган Егорь Скобеев Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келген. Ал 2019-жылдын 21-сентябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча шектүү катары УКМК тарабынан камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Тэги: Исхак Пирматов Депутат Эл өкүлү Мыйзам долбоору ЖК жыйыны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть