Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-февралдагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускуловдун демилгесинин негизинде «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлдү.
[news 30866]
Ага Жогорку Кеңештин төмөндөгү депутаттары кирди:
- Өмүрбек Бакиров, Рыскелдик Момбеков, Саматбек Ибраев, Айнура Алтыбаева (КСДП);
- Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов («Республика-Ата-Журт»);
- Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев («Кыргызстан»);
- Каныбек Иманалиев («Ата-Мекен»);
- Осмон Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»);
- Акылбек Жапаров («Бир-Бол»).