Дүйнөлүк банк быйыл Кыргызстандын ички дүң продуктусу 4% өсөт деп божомолдоодо. Бул тууралуу мекеменин баяндамасында айтылат.
Буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы 2024-жылы кыргыз экономикасы 4,5% өсөт деп болжолдосо, ага чейин Азия өнүктүрүү банкы 4% өсүш болот деген маалымат жарыялаган.
Кыргыз өкмөтү болсо быйылкы жылы өлкөнүн ички дүң продукту 5% өсөт деп эсептеген.