Опубликовано
02.11.2023, 09:25Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган мекемеден маалым болду.
Каражат жеңилдетилген насыя жана гранттык негизде берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө болот.