akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.09.2020, 06:50

    Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, 8-9-сентябрга карата доллардын сомго карата курсу 0.15% жогорулап, 78.7273 сомду түздү. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасынын курсу 79 сомдон жогорулап кетти.

    [news 27847]

    Коммерциялык банктар жана Бишкектеги Байтик Баатыр-Москва көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомдон сатылып алынып, 79.4 сом менен сатылууда.

    «Доллардын курсунун жогорулашынын себеби, Brent маркасындагы мунайдын баасы 41.4 доллардан 39.73 долларга чейин түшүп жатканыдыга байланыштуу. Андан сырткары, америка валютасынын рублга карата курсу 75.96 чейин өстү. Коңшу өлкөлөрдө болуп жаткан валюталык өзгөрүүлөр бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары, ички инфляция дагы валютагы терс таасирин берет»,— деп билдирди «Акчабарга» Кыргызстандын акча алмаштыруучу бюролор Бирикмесинин өкүлү Думан Рыскулов.

    Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда республиканын Улуттук банкы 10.4 млн долларга интервенция жасаган Бул учурда доллардын наркы 78.5 сомго жеткен.

    Эске сала кетсек, уга чейин биздин портал эксперт Денис Бердаковдун билдирүүсүнө таянуу менен, доллардын наркы 82 сомго чейин жетиши мүмкүн деген маалыматты чыгарган.