Эмне үчүн доллардын курсу өсүп жатат? Улуттук банктын жообу

01.07.2020, 10:20 Акчабар
Эмне үчүн доллардын курсу өсүп жатат? Улуттук банктын жообу

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, доллардын курсу азыркы учурда 75.98 сомду түзүп жатат. Өз кезегинде евронуну баасы 0.32% төмөндөп, 85.3 сомду түзгөн. Муну менен катар коммерциялык банктарда доллар 78 сомдон 78.5 сомго чейин, евро - 88 сомдон 89 сомго чейин сатылууда.

Улуттук банктан «Акчабарга» маалымдашкандай эле, доллардын рыноктогу курсу суроо-талапка жараша өзгөрүп турат. КР мыйзамына ылайык, акча алмаштыруу сатуучу менен сатып алуучунуну ортосунда эркин жүргүзүлөт.

«Валюта рыногундагы курстун баасы суроо-талаптын жана сунуштун негизинде белгиленет. Айырмачылык рыноктун ликвиддүүлүгүнүн деңгээлине, чет өлкө валютасынын сунуш жана сунуш балансына жараша болот жана белгилүү бир учурларда ал өйдө-төмөн карай өзгөрүп турат», — деп белгиледи Улуттук банк.

Белгилей кетсек, доллардын курсу өткөн эки сутка ичинде кескин жогорулап кетти. Мисалы, 29-июнда АКШ доллары коммерциялык банктарда 76.6 сомдон 76.8 сомго чейин сатылып жаткан.

«Курстун баасы алмашуу курсунун режимине ылайык, суроо-талап жана сунуштун негизинде түзүлөт. Белгилүү бир мезгилдеги рынок конъюнктурасына жараша алмашуу курсунун жогорулашы же төмөндөшү, башкача айтканда, курстун алмашуусу табигый көрүнүш. Зарылчылык келип чыкса, Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына ылайык алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн басаңдатуу максатында тиешелүү операцияларды жүргүзөт», - деп билдирет Улуттук банк.

Тэги: Улуттук банк Акчабар сом доллар Акча алмаштыруучу жай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть