Опубликовано
26.05.2020, 11:30Улуттук банктын маалыматына ылайык, доллардын наркы 74 сомду түзүп, 0.58% жогорулаган. Ал эми евронун курсу - 81.2 сомду түзгөн.
[news 24488]
Коммерциялык банктарда доллар убактылуу 73.9 сомдон 74.3 сомго чейин, евро - 81.2 сомдон 82.5 сомго чейин сатылууда.
Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллардын рублга карата наркы - 71.6 рублду, ал эми евро - 77.9 рублду түзүп жатат. Москва биржасында доллар 71 рубль, евро - 77.8 рубль менен сатылып жатат.
Июль айындагы мунайдын баасы жогорулады. Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы - 36 долларды, ал эми WTI маркасындагы мунайдын баасы - 34 долларды түзүүдө.