Коронавируска каршы вакцина толук ишке ашса, доллардын наркы төмөндөйбү?

23.11.2020, 15:30 Акчабар
Коронавируска каршы вакцина толук ишке ашса, доллардын наркы төмөндөйбү?

Америкалык аналитиктер, коронавируска каршы вакцина пайда болсо, доллардын наркы кийинки жылы төмөндөрүн билдиришүүдө. Себеби, дүйнөлүк экономика бекемделет, - деп билдирди Financial Times басылмасы.

Долларга болгон талап стресс маалында күчөйт. Буга коронавирус күчөп турган убакта доллардын наркы көтөрүлүп кеткени далил.

«Коронавируска каршы вакцинанын жайылышы, доллардын 2000-жылдардын башынан орто ченине чейинки абалга келишине шарт түзөт», - деп билдирген аналитиктердин бири.

Кошумчалай кетсек, Bloomberg түзгөн консенус-прогноздорго ылайык, инвесторлор кийинки жылдын аягында доллардын индекси, азыркы деңгээлге салыштырмалуу 3% түшөт.

Тэги: аналитиктер доллардын наркы дүйнөлүк экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть