Дүйнөлүк банк: мигранттардан которулган каражаттын көлөмү  27.5% төмөндөйт

26.06.2020, 13:30 Акчабар
Дүйнөлүк банк: мигранттардан которулган каражаттын көлөмү  27.5% төмөндөйт

Европа жана Орто Азия өлкөлөрүндө мигранттардын акча которуусунун көлөмү 27.5% төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын «Орто Азиядагы COVID-19: кедейчилик жана социалдык-экономикалык кесепеттер» аталыштагы онлайн--брифингинде айтылды.

Экономист Уильям Зейтцтин айтымында, пандемия Орто Азиядагы чет өлкөдөн которулган акчага көз каранды болуп жашагандарга жана өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылып, тейлөө кызматы жана чарбачылык менен алектенгендерге терс таасирин тийгизди.

«Россиядан акча которууларга көз карандылыкты эске алганда, бул жагдай тышкы таасирлердин Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын экономикаларына терс таасирин күчөтөт. Россияда курулуш индустриясында иштеген миллиондогон чет өлкөлүк жумушчулардын үйлөрүнө которгон каражаттын үлүшү Кыргызстандын жана Тажикстандын ИДПсынын үчтөн бирин түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргызстанда 2020-жылдын алгачкы 2 айында эмгек мигранттардан которулган каражаттын көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9% төмөндөгөн.

Тэги: дүйнөлүк банк каражат мигрант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть