Akchabarsearch
Источник фото: Кабар

Опубликовано

02.04.2020, 04:00

Кечээ, 1-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

[news 22702]

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүнүн чаралары талкууланды.

Президент илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер Дүйнөлүк банк башка эл аралык каржы институттары менен катар коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан кесепеттерди жеңүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жатканын жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да, финансылык туруктуулугун, экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн калыбына келтирүүгө жардамын уланта берерин баса белгиледи.

Эки тарап түзүлгөн кырдаалда Кыргызстанга бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн финансылык жардам бөлүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:35:06
  • 17.06.2024, 04:45:50
  • 27.05.2024, 21:45:44
  • 15.05.2024, 04:25:07