12-августта Бурса провинциясындагы Изник шаарында 2021-жылы Турцияда өтө туруучу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча протоколго кол коюлду.
Муну менен катар, 2021-жылы өтө туруучу эң ири иш-чаранын бирине даярдык көрүү башталды.
Түркия тарап оюндарга карата даярдыктар жөнүндө маалымат берип, кыргыздын салттары бузулбай сакталат деп ишендирди. Буга көчмөндөр оюндарынын өткөрүлө турган жерде, Изник шаарынын аймагында шаарды басып алуу үчүн болгон салгылашта курман болгон кыргыз аскерлеринин эстелиги орнотулгандыгы далил болот.
Эске сала кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлгөндөн кийин, эстафета Түркия тарапка өткөрүлүп берилген. Бирок, COVID-19 пандемиясына байланыштуу, IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылган.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане