Опубликовано
06.03.2024, 07:50Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос Bloomberg рейтинги боюнча кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы. Буга анын компаниясынын акциялары 17 пайызга өскөнү себеп болду.
Дагы бир миллиардер Илон Масктын Tesla акциялары 7 пайызга арзандап кетти.
Bloomberg маалыматы боюнча, учурда Безостун жеке капиталы 200 миллиард доллар болсо, Илон Маск 198 миллиард долларга ээлик кылат.