ЕАЭБден чыгууну дагы бир депутат сунуштады

13.05.2020, 14:15 Акчабар
ЕАЭБден чыгууну дагы бир депутат сунуштады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Руслан Чойбеков Евразия экономикалык биримдигинде өлкөнүн кызыкчылыктары такыр эле корголбой калганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга пандемия учурунда Казакстандан ун келбей калганын мисал келтирди:

«Биз жакында эле унду кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча мыйзамды колдоп бердик эле. Өзүңүз да макул болгонсуз, туурабы? Азыр өндүрүшчүлөрдүн арасында түшүнүксүз жагдай болуп калды. Бул мыйзамды президент колдобой койдубу деп жатышат. Биринчи өкмөт колдогон деп жатасыз, кийин кайра кайрылуу жазып, мыйзамды артка алдырып жатасыз. Сиз позицияңызды ачык айтышыңыз керек. Бул казак тараптын эле лоббиси эмеспи? Мамлекеттик матрезервге кирген буудайды ушул турган Казакстандан ала албай, Россиядан алып келбедикпи. Унду да бербей, квота деп ар кандай барьерлерди түзгөнүн айтып, жеке компаниялар кайрылып жатат. Ун тартыш болуп, баарыбыз ун издедик го. Жеке компаниялар акчаларын берип коюп бүгүнкү күнгө чейин унду ала албай жатышат. Муну кандай түшүнсө болот? Анда ЕАЭБден чыгалы да», - деп билдирди депутат.

Жыйынга катышкан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл өкүлүнүн биримдиктен чыгуу пикирине «сөз менен айтып коюу оңой» деп жооп берди. Ал эми өлкөгө импорттолгон ун, буудай азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотуу экономикага залакасын тийгизет деп билдирди.

«Биз башында колдогонбуз. Бирок биздин талкуудан кийинки өнөктөштөрдүн реакциясын көрүп, пандемия учурунда мыйзамды колдосок экономикабызга, элдин социалдык турмушуна зыян келет экен деп азыр кабыл алууга коркунуч бар деп кат жазып бердик», - деп жооп берди премьер-министр.

Кыргызстанга буудай жана ун азыктары Казакстан менен Орусиядан келет.
Коронавирустун айынан коңшу мамлекеттер буудай жана унду экспорттоону токтоткону айтылып келет.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүктөн чыгышы керектиги тууралуу маселе да Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок.

Тэги: Жогорку Кеңеш Депутат Руслан Чойбеков жыйын Өкмөт башчы НДС КНС ЕАЭБ бажы биримдиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть