2019-жылы ЕАЭБ алкагында импортко болгон кыйыр салыктар 26 млрд сомдон ашты

24.01.2020, 09:30 Акчабар
2019-жылы ЕАЭБ алкагында импортко болгон кыйыр салыктар 26 млрд сомдон ашты

2019-жылы ЕАЭБ алкагында импортко болгон кыйыр салыктар 26 млрд 159,9 млн сом өлчөмүндө чогултулду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, айтылган сумма 2018-жылга салыштырмалуу 82,5 млн сомго көп.

«Алардын ичинен сентябрь айынан декабрь айына чейин импортко болгон кыйыр салыктар 10,1 млрд сом суммасында келип түштү. Ал 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 890,6 млн сомго көп», - деди ал.

Абдалиев белгилегендей, 2019-жылдын сентябрынан декабрь айына чейинки мезгилдеги импортко болгон кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн (жогоруда айтылган) өсүшү Салык кызматынын жаңы түзүмдүк бөлүгүнүн - Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын ишинин натыйжасында болгон.

«Башкармалык импортчулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, аймактык салык органдарына товарларды ташып келүү фактылары жөнүндө маалыматтарды онлайн берип туруу максатында өткөн жылдын сентябрында түзүлгөн», - деди ал.

Тэги: млрд ЕАЭБ импорт товар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть