ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз орточо айлык Кыргызстанда

25.03.2024, 13:43 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз орточо айлык Кыргызстанда

2023-жылы Кыргызстанда номиналдуу орточо айлык 379 долларды түздү. Бул коңшу Казакстандан эки эсе аз. Орточо айлык боюнча Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мамлекеттеринен артта турат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын баяндамасында айтылат.

Атап айтканда, Арменияда орточо номиналдуу эмгек акы Кыргызстанга караганда 309 долларга, Беларуста 255 долларга, Орусияда 492 долларга жогору.

Белгиленгендей, кыргызстандыктардын номиналдык эмгек акысы гана эмес, сатып алуу жөндөмдүүлүгү да төмөн.

“Кыргызстандыктар айлык акысына этти башка ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыраак сатып ала алышат. Айлык акы 83 кг уй этине, 94 кг чочко этине жана 129 кг канаттуулардын этине жетет. Ошол эле учурда, Арменияда орточо айлыкка - 88 кг, Беларуста - 205 кг , Казакстанда -149 кг, Орусияда- 301 кг уй этин сатып алууга болот”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: ЕАЭБ орточо айлык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть