ЕАЭБде тендерлер үчүн банк кепилдиктери бирдей болот

07.09.2020, 11:00 Акчабар
ЕАЭБде тендерлер үчүн банк кепилдиктери бирдей болот

Евразия экономикалык комиссия, мамлекеттик сатып алууларга бирликтеги банк кепилдиктери бирдей болуш үчүн пилоттук долбоорлорду ишке киргизет. Бул тууралуу комиссиянын сайтында маалымдалат.

ЕЭКтин Кеңеши Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана улуттук банктарына мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн банк кепилдиктерин бирдей кылууга пилоттук долбоорлорду баштоо сунушун берди.

Бул демилге ушул жылдын апрель айында Россиянын «Мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун келишимдик тутуму жөнүндө» федералдык мыйзамына өзгөртүү киргизилген соң ишке аша баштаган.

Кошумчалай кетсек, мыйзамга өзгөртүү 2019-жылдын август айында киргизилген.

Тэги: ЕЭК мыйзам банк өзгөртүү пилоттук долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть