ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 71.6 млрд $ кыскарган

29.09.2020, 09:30 Акчабар
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 71.6 млрд $ кыскарган

Евразия экономикалык бирикменин 2020-жылдагы январь-июль айлардагы үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соодасынын көлөмү 342 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу ЕЭБ билдирди.

Ошону менен бирге эле товарлардын экспорту - 202.9 млрд доллар, импорт - 139.1 млрд долларды түзөт.

2019-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 17.3% же 71.6 млрд долларга кыскарган.

«Экспорт –22.7% (59.5 млрд долларга), импорт –8% (12.1 млрд долларга) төмөндөдү. Тышкы сооданын профицити 63.8 млрд долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилинде бул көлөм 11.2 млрд долларды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Тэги: ЕЭБ каражат тышкы соода экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть